8-декабрь – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү.

1958-жылы Кыргыз ССР министрлер Советинин алдында Радио жана теле берүү комитети уюштурулуп, Фрунзе телестудиясы 30-декабрда ишин баштайт.
1958-жылы Бишкек студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара акрылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү эфирге чыккан.
Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Кыргыз ССР Аткаруу комитетинин 1931-жылдын 1-декабрындагы Указы менен республиканын байланыш башкармасынын алдында Республикалык радио уктуруу комитети түзүлүп, ал 1932-жылдын май айында Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин карамагына берилген. Кыргыз ССР.
Комитет республика боюнча радио уктурууну уюштурууну жана координациялоону, уктуруулардын идеялык-саясий деңгээлин, көркөм-техникалык сапатын контролдоону, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү радио тармагын таркатууну жана кадрларды даярдоону ишке ашырды.

Радио уктуруулардын негизги мазмуну кун сайын болуп жаткан окуялар жөнүндө, өнөр – жай жана айыл-чарба өндүрүшүн чагылдыруу, социалисттик мелдештин жецуучулеру жана шок эмгекчилери женундегу ангемелерди камтыган. Радиодогу ишке белгилүү ырчылар, обончулар, акындар, дастанчылар жана элдик чыгармачылыктын таланттуу өкүлдөрү тартылган.
Уктуруулар кыргыз, орус жана дунган тилдеринде жүргүзүлдү. Алардын суткалык көлөмү 9 сааттан ашык болгон, ал эми 5 сааттан ашыгы республикалык көрсөтүүлөргө, 4 саатка жакыны — Москвадан Бүткүл Союздук радионун программаларын берүүгө бөлүнгөн.

Республиканын коомдук-саясий жана маданий турмушунда тарыхый окуя болду — анын республикалык телекөрсөтүүсү башталды. Алгач телестудия жумасына 4 жолу гана обого чыгып, күнүмдүк берүүлөрдүн узактыгы бир саатты түзүп, берүүлөр ак-кара болуп, кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлүп турган. 1979-жылга карата кыргыз телевидениесинин суткалык көрсөтүүлөрү Кыргызстандын дээрлик бардык калктуу пункттарына жеткиликтуу болуп калды.
Бүгүнкү күндө орус, казак, өзбек телекөрсөтүүсүнүн телекөрсөтүү программаларын кабыл алуу жана берүү радиорелейлик жана космостук байланыш линияларынын ар кандай каражаттарын пайдалануу менен ишке ашырылат, өлкөнүн башкы каналы күнү-түнү көрсөтүүдө, ал эми телерадио тармагы маалыматтык, социалдык, саясий жана маданий жана оюн-зоок программаларын чагылдырат.
