Депутат: “Банктарга элдин нааразылыгы күчөдү”

220

Акыркы күндөрү банктарга элдин нааразылыгы күчөп жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди. 

Анда депутат Алишер Козуев коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөөдөгү Улуттук банктын ролу тууралуу айтып, мекеменин өкүлдөрүн парламентке чакырууну сунуштады.

“Акыркы күндөрү банктарга элдин нааразылыгы күчөп жатат. Акыркы күндөрү экономикабыз аксап, эл кыйналып жаткан маалда коммерциялык банктар ич ара сүйлөшүп алып, жазылбаган мыйзамдар менен иштеп жатышат. Кошумча тейлөөлөрүн көрсөтүп, элди алдап жатат. Ошон үчүн келип, кеңири суроолорго жооп берсе”,– деди депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь