Кыргызстанда 25 жыл сот болуп иштегендер 100 миң сом пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Жыйында депутат Токторбаев аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиевден 25 жыл иштеген мугалим менен сот канча пенсия аларын сурады.
“Айлыгына жараша болот. Соттордун коэффициенти көбүрөөк болот. Орточосун айта албайм. Муну сизге өзүнчө эсептеп берейин, азыр эсептеп бере албайм”, – деди Алиев
Андан кийин депутат сөзүн улады.
“Сиздин жооп бере албаганыңыздын себебин билем. Бул жерде абдан чоң айрыма бар. 25 жыл мугалим болуп иштеген кембагал 5 миң сом пенсия алат. Өмүр бою элди тоногон сот 100 миң сом пенсия алат. Бул боюнча министрлер кабинетине кайрылыш керек болчу. Сот катары 15-20 жыл иштегендер 1,5 эсе, 20-25 жыл иштегендер 2 эсе, ал эми 25 жылдан ашык иштегендер 2,5 эсе үстөк акча алат экен. Бизде соттор ушунча таза, гумандуу, адилеттүү болуп кеттиби?”, – деди ал.
Депутаттын айтымында, эгер 15 жыл иштеген соттун маянасы 40 миң болсо, кийин 60 миң сом пенсия аларын, ал эми 25 жыл иштесе, 100 миң пенсия аларын айтып, бул адилетсиздик экенин белгиледи.