Акыркы 30 жылда токой тармагына тартылган каражаттар кайда жумшалды?

290

Акыркы 30 жылда токой тармагына тартылган каражаттар кайда жумшалды? Бул тууралуу бүгүн, 9 – декабрь маалымат жыйынында Токой кызматынан директору Алмаз Мусаев жооп берди.

Анын айтымында 10 млн долларлык инвестиция токой чарбалардын материалдык базаларын чыңдоого жумшалган.

“Акыркы 30 жылда эң биринчи токой тармагына долбоорлордон инвестициялык каражаттарды тартуу максатында кыргыз-швейцар уюму менен 15 жылдан ашык убакыт иш алып барылган. Кыргызстандагы токойлорду көбөйтүү максатында болгон. 10 млн доллардын негизинде инвестиция тартылып, токой чарбалардын материалдык базаларын чыңдоого жумшалган. Мындан сырткары ошол токой отургузуу иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин майда долбоорлор менен иш алып барып жүрдүк. Бул пилоттук токой чарбаларды тандап алып, мисалы үчүн БУУнун программасынын алкагында бүгүнкү күндө Батыш Тянь-Шанда 4 млн долларлык проектке киргенбиз. Ал жерде учурда 3 токой чарбасы иш алып барып атат. Тогуз -Торо, Токтогул, Аксы токой чарбалары. Бул жерде 550 гектардан ашык жер тосмолор менен курчалды, 300 миңден ашуун көчөттөр отургузулду”,– деди Мусаев.

Ошондой эле ал, быйылкы жылы “Токой ресурстарын интеграциялык башкаруу” долбоорунун алкагында 16 млн долларлык жарымы насыя жарымы гранттын негизинде каражат алынганын кошумчалады.

“Германиялык техникалык кызматташуу ишканалары фирмасы менен иш алып барып атабыз. Ал жерде учурда эң көйгөйлүү болгон Жалал-Абаддагы жаңгак токойлорун сактоо, көбөйтүү максатында 4 млн евронун алкагында долбоор ишке ашып жүргүзүлүп жатат. Бул жерде Базар – Коргон, Аксы райондорундагы токой чарбалары пилоттук токой чарбалары катары кирген. Ал жерде эң негизгиси жаңгактардын кошумча сортторун, алардын үрөндөрүн, технологияларын алуу боюнча чоң жардам болду.

Токойдун ичинде бир 50 миңден ашуун киши жашайт. Ал адамдардын жашоосу дагы токой менен абдан байланыш болгондуктан, токойду сарамжалдуу пайдалануу, токойду көбөйтүү ошол эле убакытта айылдагы адамдардын муктаждыктарын чечүү максатында иштер жүргүзүлүп, ошол жерде жергиликтүү элдер дагы тартылды.

Жакында эле май айында ратификация болгон, 30 млн долларлык грант ишке ашканы жатат. Бул боюнча макулдашуунун баары өттү. Бул деградация болгон жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иш алып барат.

Эң негизгиси быйыл, “Токой ресурстарын интеграциялык башкаруу” долбоорунун алкагында 16 млн доллар жарымы насыя жарымы грант алынып, быйылкы жылы ишке ашып бүттү. Долбоор 2017 – жылы башталган. Бул жерде 90 интвестициялык объектилер ишке киргизилди. Бул жарымы кредит болгондуктан, аны жабуу максатында акча тапчу өндүрүштөрдү ишке киргиздик”, – деп кошумчалады Алмаз Мусаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь