Бүгүн,16- декабрда коңшу өлкө Казакстандын эгемендүүлүк күнү.

2 144

Казакстан Республикасы  – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Ал эгемендүүлүгүн 1991- жылы 16- декабрь күнү жарыялаган.

Можно ли сейчас в Казахстан на машине 2022: граница открыта

Казакстан СССРдин кулашынан кийин 1991-жылы көз карандысыздыгын алып, дүйнөлүк аренада өз ордун тапкан. Түркия мамлекети 1991-жылы Казакстан көз карандысыздыгын жарыялаган соң 15 мүнөттөн кийин анын көз карандысыздыгын тааныган.Өлкөнүн расмий аты – Казакстан республикасы. Казакстан Орто Азия менен чыгыш Европанын ортосунда жайгашкан. 2.727.300 чарчы чакырым аянт жерге ээ болуп, дүйнө жүзүндө аянтынын чоңдугу боюнча тогузунчу орунда турат. Түндүгүнөн Орусия, түштүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан, чыгышынан Кытай эл республикасы менен чектеш. Көз карандысыздыгына чейинки, тагыраак айтканда, 1989-жылкы каттоодо элинин саны 16.464.000 адам болсо, 2012-жылы 16,8 миллионду түзгөн. Бүгүнкү күнү 19 042 100 адамга жетти.

Казакстан дүйнөдө калкынын саны боюнча 64-орунда турат. Борбор калаасы Астана шаары. Чоң шаарларынан Алматы, Караганда, Чымкент, Семей, Акмоло, Шевченко, Байконур.Өлкөдө жайгашкан көлдөр: Балхаш көлү, Арал көлү. Маанилүү дарыялары: Иле дарыясы, Иртыш дарыясы, Ишим дарыясы жана Урал дарыясы.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн КыргызстанӨзбекстанТүркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Таң-Шаң тоо системасына чейин.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 17 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Астана (1961-ж. чейин Aкмолинск, 19611992-ж. Целиноград, 19921998-ж. — Aкмоло, 19982019-ж. — Астана, 20192022 чейин Нур-Султан) — Казакстан Республикасынын борбор шаары (1998-жылдан тарта). Акмолинск шаар статусуна 1862-жылы 26-сентябрда ээ болгон. 2018-жылдын 1-январына карата Нур-Султандын калкынын саны 1 035 537 адамды түздү.

Шаардын мурдагы Астана аталышы казак тилинен алынган. Казакча бул сөз элдин баш калаасы дегенди билдирет. Бул сөз казак тилине парс тилинен келген. Анда ал “ыйык жер”, “босого” деген мааниге ээ. Нур-Султан деп туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин атынан коюу чечими 2019-жылы 20-мартта кабыл алынган.

Алмата (мурунку аталыштары Верный жана Алма-Ата) — Казакстандын эң чоң шаары, мурдагы борбор шаарларынын бири. Алматада 1,300,900 адам жашайт (2009). Мурун Казак КСРдин борбору болгон, бирок Казакстан эгемендүүлүкө жеткенде, Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Абишевич Назарбаев өз буйругу менен өлкөнүн борборун Алматадан Астанага которгон.

Ички Дүң Продукциясы 19,2 миллиард АКШ долларга барабар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь