Бул күн 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген.
Эл аралык эксперттердин маалыматына караганда, 20-кылымдын аягында дүйнө жүзүндөгү 1 жарым миллиард адам жакырчылыкта жашаган. Ошондой эле 1999-жылдан 2007-жылга чейин жокчулуктан улам 300 миллиондон ашуун адам көз жумган. Бул жогорку көрсөткүч болуп эсептелет, себеби эки согушта каза болгон адамдардын санынан дагы көптүк кылат. Буга байланыштуу БУУ кедейчиликти түп-тамырынан жок кылуу максатында 2000-жылдан баштап бир нече программаларды ишке ашырып келет, тилекке каршы, жокчулукта жашагандардын саны азайбай жатат.

Өлкөнүн социалдык өнүгүү министрлигине жардам сурап кайрылгандардын санын күнүнө ондоп саналат. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 429 киши жакыр турмушта жашайт. 97039 үй-бүлө аз камсыз болгон деп табылып, 307 697 бала жөлөкпул алат.