“Баса албай калыптыр”. Камактагы Орозайым Нарматованын акыбалы оор

274

Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист Орозайым Нарматованын акыбалы оор болуп жатканын, тергөөгө да милиция кызматкерлери абалына байланыштуу абактан чыгарып кете алышкан эмес. Бул тууралуу активисттин жакындары билдиришти.

“Бүгүн саат 14 менен 15 ортосунда Орозайымды ГСУ га алып чыкканга опер кызматкерлери СИЗО 1ге келишип, Орозайымдын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери носилкага жаткырып, камерасынан короого алып чыгышыптыр. Абалы оор болгонуна байланыштуу алып кетпейбиз ГСУ га деп тергөө органына бүгүн бара албаптыр. Бүгүн адвокаты да жолугушууга барса тергөө кабинетине Орозайым чыга албаптыр жолукканы, абалы оор болгону үчүн басалбай калыптыр!
Сүрөттү Орозайымдын жүрөгүн текшерткени тез жардам менен чыкканда адвокат тартып алган”,-деп жазды Орозайым Нарматованын тууганы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь