ммунолог: Сасык тумоонун пандемиясы кийинки жылы күздө болуп, бир сезон оору менен алышып калышыбыз мүмкүн

403

Иммунолог Николай Крючков Ura.ru сайтына берген маегинде 2024-жылы сасык тумоо вирусу он жылдан ашык убакыт мурун болгон сыяктуу пандемиялык формага өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Крючков белгилегендей, сасык тумоо пандемиялык формада өтсө да, ал коронавируска караганда оор болот.

“Сасык тумоонун пандемиясы кийинки жылы күздө болуп, бир сезон оору менен алышып калышыбыз мүмкүн. 2009-2010-жылдардан да катуу кайталанышы ыктымал. Мындай тобокелдик бар”,- деди адис.

Ошондой эле ал жаңы коронавирустук инфекция сасык тумоого караганда кооптуу болорун айтты.

“COVID инфекциясынын сезондук формасында эле өлүм көрсөткүчтөрү жогору. Ал эми экинчи орунда сасык тумоо турат. Андан кийин башка респиратордук вирустар менен инфекциялардын кесепетин айтсак болот”,- деди иммунолог.Ал кошумчалагандай, коронавирус инфекциясынын шарттуу сезондук түрү күзүндө пайда болушу мүмкүн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь