Бүгүн,13- Январь күнү ырчы, обончу Чубак Сатаев туулган

1 545

Кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев — 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган.

Сатаев Чубак, биография

Советтик жана Кыргызстандык ырчы, аткаруучу, обончусу Чубак Сатаевдеги талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот.

Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум”, “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет.

Чубак Сатаев - Арман - YouTube

Сатаевдин Кубаныч, Бакыт жана Таалай аттуу үч уулу болгон. Өзү тамашалап “Кубаныч чоң атасынын баласы, Бакыт меники, Таалай апасыныкы” деп айтчу экен. Тагдырдын сыноосубу, айтор, “меники” деп өзгөчө жакшы көргөн уулу Бакытты алты жашында унаа коюп кетип чарчап калат. Анын артынан бир жылдан кийин эле обончу өзү дүйнөдөн кайткан. Учурда эки уулу тең атасынын жолун жолдоп чыгармачылыктын казанында кайнап келишет. Көбүнчө атасынын ырларын аткарышат.

Чубак Сатаев биринчи үй-бүлөсү менен ажырашып, экинчи жолу үйлөнгөн келинчеги менен ал жети бир бирге жашаган. Бирок андан бала көргөн эмес. Анткен менен обончунун уулу Кубаныч атасынын дал ошол экинчи жубайы гасролдорго ырчыны көп коштоп жүрүп, чыгармачылыгын тереңирээк билерин айтып жүрөт. Сатаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында эки жубайы тең боз үйдө жоктоп отурган экен.

Кубаныч Сатаев - Атакем - YouTube

Ал 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деп жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.

Уулун жоготкон, дипломаттап акча чачкан Чубак Сатаев. Талант тууралуу 9  факты

Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо быйыл 63 жашка толмок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь