Бишкекте дагы 3 мектепте бүгүн, 23-январдан баштап окуу процесси онлайн болот. Маалыматты калаа башкармалыгынан билдиришти.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун сунушу менен №78, 81, 96 мектептер онлайн окутууга өткөрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, балдар ушул аптада үйдөн окушат.
Өткөн аптада катуу сууктан улам өлкөнүн аймактарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өткөн.
为什么猫的眼睛里有裂缝?