Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун негизги көчөлөрүндө унаалардын өтүүсүнө эки күнгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында Бишкек жана Чүйдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турут:
– Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
– Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейин;
– Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.
“Жогорудагы чектөөлөр киргизилген көчөлөргө автоунаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.