КР менен Өзбекстан куруп жаткан автоунаа заводу 180 күндүн ичинде ишке кириш керек — минкаб

155

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова унаа заводун курууну көздөгөн «Нур» ААК, «ДТ Техник» ЖЧК жана өзбекстандык «Узавтосаноат» беш жылдан бери биргелешип иштеп жатышканын, Кыргызстанда завод 180 күндүн ичинде курулуп, ишке кириш керек экендигин билдирди.

Анын айтымында, долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Ошондой эле 500 жумуш орун түзүлөөрү күтүлүүдө.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети милдеттенмелерди алып жатат, ага ылайык, автотранспорт каражаттарын өндүрүү үчүн автоунаа комплекттерин импорттоодо жана аларды сатууда КНСтен, ошондой эле бул каражаттарды өндүрүү үчүн ташылып келген машина комплекттери да Бажы алымынан бошотулат», — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Усенбекова каражатты азырынча жеке компаниялар өздөрү каржылай тургандыгын, бирок эгер дагы керек болсо, Кыргыз-Өзбек фондуна кайрылса болорун билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь