“Кумтөр голд компани” Теңиз Бөлтүрүктүн катына жооп кайтарды

141

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Тенгиз Бөлтүрүктүн атынан жарыяланган ачык катка жооп берди. Ишкананын билдирүүсүндө Бөлтүрүк бул компанияны бир жылдан ашуун башкарып турганы, ага долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык шарт түзүлүп берилгени, бирок “катуу билдирүүлөрүнөн жана жумушка өтө жогору маянага тыштан шектүү адамдарды тартканынан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасалбаганы белгиленген.

Мындан сырткары,ишкана “али күнгө чейин  анын “ийгиликтүү” башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп жатканын” жана ал орноштурган “кымбат баалуу” экспаттардын ордун жергиликтүү адистер ийгиликтүү ээлеп жатышканын кошумчалаган.

“Теңиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды, бирок “кооз сөздөр жана жомоктогудай айлык алган шектүү кишилерди ишке тартуудан башка эч кандай реалдуу кадамдар болгон жок. Ушул убакка чейин “Кумтөр” анын “ийгиликтүү” башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Бөлтүрүк жалдаган “кымбат” экспаттардын бардыгы ата мекендик адистерге алмаштырылган.  Алтын кенинде геологиялык иштер кызуу жүрүп жатат. Карьерден 135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112,6 тоннасы калдык сактоочу жайда турат. Калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 миллион тоннага жакын калдыкты кайра иштетүү пландаштырылууда. Дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан калдык сактагычтардын толуп калуу коркунучу жок”-дейт “Кумтөр Голд Компани” ишканасы. 

Эске салсак, кечээ гана  “Кумтөр голд компани” ЖАКтын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктүн ачык каты жаряланып, анда ал  кен жай азыртан так стратегияны иштеп чыгуу башталбаса, эки жылдан кийин токтоп калуу алдында турарын айткан. Ошондой эле, Бөлтүрүк “Кумтөрдө кадрлардын жетишсиздиги байкалып жатканын жана 7 жылдан кийин алтын запастары түгөнө турганын баса белгилеген. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь