Кыргызстан ЕРӨБдөн жаңы насыя алат

148

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) кезектеги 14.13 млн евро өлчөмүндө насыя алат. Анын 370 миң евросун консультанттарга берет, ал эми 141 миң евросун банк комиссия катары алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

ЕРӨБ Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо КРга 14 млн 130 миң евро насыя жана 3 млн 740 миң евро грант катары берип жатат.

Бекешев консультанттар жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрү баары бир 370 миң евро алышарын билдирди. ЕРӨБ өзү да 141.3 миң евро өлчөмүндө бир жолку жана плюс жылына 0.5% өлчөмүндө комиссия алат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында, 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.

Белгилей кетсек, бүгүн да тармактык комитеттин жыйынында каралып, жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.

Эскерте кетсек, ЕРӨБ 17 млн 870 миң евро акча каражатын бөлүп берет, анын ичинде – 14 млн 130 миң евросу кредит, 3 млн 740 миң евросу – грант түрүндө келет. Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь