Мирлан Самыйкожо акын Болот Назаров боюнча президентке туура маалымат жеткенин жазды

228

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо акын Болот Назаров боюнча президентке туура маалымат жеткенин өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жазды. 

“Акын Болот Назаров боюнча туура маалымат президентибизге жетти. Кудай буюрса кечке чейин күтөлү. Жакшы жаңылык болот деген үмүттөбүз”, – деп жазды депутат. 

Белгилей кетсек, бүгүн Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун ишин кароо уланууда. Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылды. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазылган.

Эске салсак, Болот Назаров былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармалып, Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) кигизилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь