Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 135 тонна көмүр таратылды

157

Ош шаарында жана облуста аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз 135 тонна көмүр таркатылды. Мындай акция «Эмират» эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы филиалы тарабынан өлкөдөгү баардык облустарда уланып жатат.

Аталган кайрымдуулук фонддун жетекчиси Рахматула Эгембердиевдин айтымында, муктаж адамдарга кышкысын жылуу отурушу үчүн көмүрлөр таратылууда.

«Жалал-Абад облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 тонна, Оштогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 135 тонна, Баткен облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 тонна көмүр таратылды»,- деди Рахматулла Эгембердиев.

Аталган кайрымдуулук фонд Кыргызстанда бир канча жылдан бери социалдык обьектилерди куруп, кайрымдуулук иштери менен алектенип келет

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь