Педофилдерди бычуу тууралуу мыйзам долбоорун комитет колдоду

122

Баланы зордуктаган кылмышкерди хирургиялык кастрациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору депутат Улан Бакасов тарабынан иштелип чыккан.

Бирок  айрым депутаттар Бакасовдун бул  сунушун сындап чыгышты. Айтымдарында педофилдерди актоо мүмкүн эмес, бирок хирургиялык бычуу кыйноого барабар болорун белгилеп, Кыргызстандын Конституциясы кыйноого жол бербей турганын айтышты.

Кээ бир депутаттар Баш мыйзам боюнча адамдын ден соолугу кол тийгис экенин айтып, педофилдерди эркинен ажыратуу мөөнөтүн узартууну караштырса болорун белгилеп өтүштү. 

Ал эми Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева сунушталып жаткан норма Конституцияга карама-каршы келерин билдирди.

Белгилей кетсек, эреже боюнча мыйзам долбоору комитеттерде жана кийин парламенттин жалпы жыйынында үч окуудан өтүп, президент кол койгондо гана күчүнө кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь