“Эйр Кыргызстан” ишканасы соттун чечими менен банкрот болду деп табылды. Бул туурасында 23-январда Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов айтты.
Буга байланыштуу авиакомпания Кыргызстанда 2023-2025-жылдарга карата мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоорунан чыгарылган деди Макешов.