Акын Болот Назаровго аргымак тартууланды (видео)

121

Кечээ, 24-январда кылмыш иши кыскартылып, сот залынан бошотулган акын Болот Назаровго аргымак тартуу кылынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо соиалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

“Болот акынга жакшы тилектерин айтып, эркиндикке чыгышына тилектеш болгон Элге, чыгармачыл интеллигенцияга, журналисттерге жана салт менен наркты билип акыныбыздын анча-мынча ашыкча эркелигин түшүнө билип акыйкат чечим чыгаргандарга чоң рахмат!

Кыргыздын салтын кылып “Айтыш” КФ Ачекей айылына чогулуп акындын башын куттуктадык! Аргымакты алдына тарткан ага-инилериме рахмат”,- деп жазган депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь