Антарктикада көлөмү Лондон шаарындай болгон айсберг бөлүндү (Видео)

171

Антарктикадагы мөңгүдөн Лондон шаарынын көлөмүндөй болгон муздун кесилиши үзүлүп кетти. Бул тууралуу “Sciencealert” сайты жазып чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, мындай өлчөмдөгү муздун бир кесиминин чыгышы бир жыл мурун болгон. Ошондой эле бул процесс климаттын өзгөрүү феноменине тиешеси жок жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келбей турганы айтылды. Айсбергдин жалпы аянты 1550 чарчы километрди түзөт, ал эми калыңдыгы 150 метрди түзөт.

“Биз бул “төлдөө” окуясы болот деп күткөнбүз. Антарктиданын Брунт аймагында мындай учурларды табигый жүрүм-турум деп атоого болот. Биздин илимий топтор ажырап калган айсбергдин коопсуздугун камсыз кылууну жана ага мониторинг жүргүзүүнү улантууда”, – дейт изилдөөчү Доминик Ходжсон.

Ошондой эле окумуштуулар Антарктика станциясында ноябрдан мартка чейин созулган жайкы сезондо гана иштешет. Бирок, кыш мезгилинде да станциянын айланасындагы жогорку тактыктагы GPS аппараттарынын тармагы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь