Бишкектеги №47 түзөтүү абагынын жери кичи районго айланат

135

Бишкек шаарында №47 түзөтүү абагынын жери кичи районго айланат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай (батир) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда.

Мисалы, Бишкек шаарында мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жерине 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм—2021-2026» программасын ишке ашыруунун алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 6,2 млрд сомдон ашык суммага 2536 батир берилген (2021-жылы 1,6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 млрд сомго 1800 батир). Мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүгө мүмкүн болду», – деди Султанбаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь