Бишкектен Ошко учкан учак бир күндө 20 миң доллар табат

203

Учактарды насыяга алып, Кыргызстандын авиациясын өнүктүрүү керек. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Учакты нак акчага сатып алыштын керекги жок. Дүйнө өлкөлөрүндө учакты насыяга алышат экен. Учак аябай кирешелүү бизнес. Мен кечээ комитеттин жыйынында айтып бергем, Бишкектен Ошко каттаган бир учак күнүнө 20 миң доллар табат. Ошон үчүн сөзсүз улуттук авиакомпания түзүш керек”, – деди Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаевдин бул демилгесин депутат Тазабек Икрамов дагы колдоого алды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь