Бишкекте мектептерди өнүктүрүүдө “илимий жетекчилердин ролу” темасындагы семинар болуп өттү (Сүрөт)

157

25-январда Кыргызпатенттин жетекчилигинин демилгеси боюнча Инновациялык борбордо “Мамлекеттик мектептерди инновациялык өнүктүрүүдө илимий жетекчилердин (насаатчылардын) ролу” темасындагы семинар болуп өттү. “Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, ведомствонун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, коомдук ишмер Сулайман Кайыпов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын директору Айнура Арстанбекова, “NICE KG” фондунун башчысы Махмуд Абделкарим, №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин жана “Ноокат билимканасы” мектеп-интернатынын өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун жана мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты коомдук башталышта илимий жетекчилердин институтун өнүктүрүү, илимий жетекчилердин STEM-билим берүүнү илгерилетүүдөгү ролу, инновациялык ойлоп табуучулук чөйрөнү өбөлгөлөө, инновациялык багытта билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева айткандай, дүйнөлүк өнүгүү чагылгандай тездик менен өзгөрүп жатат жана биз буга даяр болушубуз керек.

“Биздин билим берүү мекемелери өз ишмердүүлүгүн мамлекеттик программанын негизинде жүргүзүп жатышат. Бирок интеллектуалдык менчик тармагында окуучуларды, студенттерди окутуу, инновация, өз алдынча окутуу өтө жай темп менен жүрүп жатат. Илимий жетекчилер институту башка насаатчылыктан айырмаланып, ар бир окуучуга интеллектуалдык жана инновациялык мотивация бере алат деп ишенем”, – деди Рахат Керимбаева.

Ошондой эле семинарда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, коомдук ишмер Сулайман Кайыпов жана башка чакырылгандар баяндамаларды жасашты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин жана №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин жана “Ноокат билимканасы” мектеп-интернатынын өкүлдөрүнүн ортосунда Коомдук башталышта илимий жетекчилердин институтун өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Семинардын жүрүшүндө чакырылуучуларга тематикалык баяндамалар дагы сунушталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь