«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

141

2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, 18 жана «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды.

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, — деди Төрөбаев.

Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенерин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь