Дүкөндөрдө балдардын жалаяк (подгузник) жана тиричиликке колдонуучу химиялык заттарды ээ-эркин уурдап жүргөн жүргөн 19 жаштагы жигиттин жоругу интернет колдонуучуларынын көңүлүн бурду.
Окуя Казакстанданы борборунданы дүкөндөрдүн биринде катталып, жигит ымыркайдын жалаяктарын жана тиричилик химикаттарын тосколдуксуз уурдап жургөн.
Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, укук коргоо кызматкерлери кылмыш учурун видеокөзөмөлдөн аныкташкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жигит күндүз дүкөнгө кирип, жалаяк (подгузник) , балдардын тамак-ашы жана устара кассеталары салынган пакеттерди ээн-эркин уурдап жүргөн.
Ал уурдалган буюмдарын туш келди адамдарга сатып, андан түшкөн акчаны короткон.