Эң чоң калкып жүрүүчү китепкана дүйнөнү кыдырууда

224

Калкып жүрүүчү китепкана 25- январдан тарта февраль айынын ортосуна чейин коомчулукка ачык болот.

Дүйнөдөгү эң чоң калкып жүрүүчү китепкана Иорданияда

Дүйнөдөгү эң чоң калкып жүрүүчү “Logos Hope” китепканасы Иорданиянын түштүгүндөгү Акаба портуна токтоду.

Акаба портунун жооптууларынан алынган маалыматка караганда, ар кайсы өлкөдөн 370 ыктыярчыны ташыган кеме жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.30да портко жетти.

Илим, спорт, искусство, адабият жана ой жүгүртүү сыяктуу ар түрдүү темаларда жарым миллион нускага жакын 4000 китепти камтыган дүйнөнүн эң чоң калкып жүрүүчү китепканасы эртеңден тарта февраль айынын ортосуна чейин коомчулукка ачык болот.

Декабрь айында Ливандын Бейрут портуна токтогон калкып жүрүүчү китепкана 4-23-январь күндөрү Египеттин Порт-Саид шаарында коомчулукка ачылган.

Учурда Германиядагы “Good Books For All” кайрымдуулук уюмунун бир бөлүгү болгон “Logos Hope” кемеси 1973-жылы курулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь