Бул тууралуу Украинанын башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный маалымат берди.

Залужный берген билдирүүсүндө Россиянын Украинага массалык ракеталык чабуул жасагандыгын маалымдады.
Залужный : «Украинанын аба күчтөрү 47 канаттуу жана башкарылуучу ракетаны жок кылды. Өзгөчө 4 даана X-59 башкарылуучу аба ракетасынын үчөөсү максатына жете алган жок”,- деди.
Залужный : «Орустардын (24-февралдан бери чабуулдарын улантууда) максаты өзгөрбөйт; украиналыктарга психологиялык кысым жасоо жана маанилүү инфраструктураны жок кылуу»,- деди.
Украина куралдуу күчтөрүнөн жасалган билдирүүдө атылган ракеталардын Россиянын чек арасы менен бирге Каспий деңизи жана Кара деңизден да атылгандыгы белгиленди.
Украина мамлекеттик маалымат агенттиги Укринформдун билдиргенине караганда эрте мененки сааттарда орус бөлүктөрү аткан ракеталар Киев менен бирге Винница жана Одесса аймактарына келип түшкөн. Кол салууда Киевдин Голосеевский районунда 1 киши каза болуп, 2 киши жараланган.