Ысык-Көлдө жолго кум чачып жаткан жумушчу кулап, каза болду

320

Ысык-Көлдө жол тейлөө кызматкери жүк ташуучу унаадан кулап кетип, алган жаракаттарынан улам каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 12-январда милицияга Ысык-Көл райондук ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Темир айылында Жол тейлөө башкармалыгынын жумушчусу Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын бортунда жолго кум чачып жатып, кокусунан кулап түшкөнү тууралуу маалымдалган. Жабырлануучу 1963-жылы туулган А.О. экени белгилүү болгон.

Ал ооруканага жаткырылгандан кийин каза болуп калган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы маалым болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь