Кара-Сууда ок атышуу болуп, эки адам жандандыруу бөлүмүнө түштү

300

Ош облусунун Кара-Суу районунда ок атышуу болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Маалыматка ылайык, эки адам октон жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилгени такталды.

«Маалым болгондой, беткапчан жана камуфляж кийген бир нече адам «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, андан соң унаага ок чыгарып, изин жашырып кетишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя бүгүн түнү Жим айылына жакын жерде болгон. Жаракат алган адамдар учурда жандандыруу бөлүмүндө», – деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь