Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Кыргызстандагы унаалар боюнча маселени көтөрдү.
Депутат 2020-жылдан баштап бажы чени кескин түрдө кымбаттаганын, Кыргызстанга кирген унааларга бажы пошлинасынын баасын төмөндөтүү керектигин айтты.
«Бүгүнкү күнү кризисис болуп жатат. Орусиядан унаа заводдору кетип калып, алар керек болсо бизден алып кетип жатышат. Унаа бул керектүү нерсе, үй-бүлөнү бага турган нерсе. Жөнөкөй эле 100 миң сом турган Тико унаасы азыр 500 миңге чыкты. Оң рулдуу унааларга уруксат бербей жатасыздарбы, анда сол рулдууларга бажы пошлинасын жеңилдетип бергенге сураналы. Бул жөнөкөй элге эле керек, байлар өздөрү эле алып келип алат», – деп билдирди Маматалиев.