Түп районунда 14 жаштагы мектеп окуучусу өз үйүнүн чарбагында асынган абалда табылган. Маркумду ата-энеси тапкан. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.
«Материалдар Түп районунун ички иштер башкармалыгында каттоого алынган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери болгон эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат», — деп билдиришти.