Атазов менен Токторбаев эмне себептен суракка чакыртылган? (Видео)

261

Бүгүн маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин  депутаттарынын суракка чакыртылуусу боюнча түшүндүрмө берди. 

 “Биз депутаттарды сыйлашыбыз керек. Бирок депутаттар кылмыш жөнүндө билдиргенден кийин, ал тууралуу маалымат бериши зарыл. Биз ошол себептен эки депутатты чакырып, айткандары тууралуу сурадык. Эч кандай күч колдонуп же мажбурлап алып келүү болгон жок. Депутат Жеңишбек Токторбаевдин берген маалыматы тастыкталган жок. Ал айткан прокуратура кызматкерин аныктай албадык, өзү дагы атын билбейт экен. Ал эми Шайлообек Атазов эки жарандын арызы боюнча кылмыш иштери милицияда тергелип жаткан экен. Бүгүнкү күндө каражаттары өндүрүлүп берилди окшойт. Дагы бир чет өлкөлүк  фирма боюнча дагы айткан экен. Ал иш бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда каралууда. Бул боюнча эч кандай конфликт жок. Мыйзам боюнча бардыгы такталган”, – деди Зулушев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь