Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси Марьям Тилляева 2023-жылдын 30-январында чоң атасынын архивдик сүрөттөрү жана видеосу менен бөлүштү.
Ислам Каримовдун архивдик сүрөттөрү менен Өзбекстандын биринчи президентинин дагы бир небереси Иман Каримова бөлүштү.
Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда туулган. Ал Өзбекстанды 1989-жылдан бери жетектеп, 2016-жылы 2-сентябрда 78 жашында инсульттан каза болгон. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Сөөгү үйүндө – Самаркандда коюлган.