Акылбек Жапаров: “Ар бир тыйыны боюнча жооп бергиле”

153

Бүгүн, 1-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын коллегиясын өткөрдү.

Жыйында министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик кызматкерлердин чет элдик иш сапарлары боюнча маселеге токтолуп, ар бир иш сапардын жыйынтыгында иш сапардын натыйжалуулугу боюнча отчет берүү зарылдыгын айтты.

“Чет элдик иш сапарларга бюджеттин эсебинен барып-келгени үчүн Финансы министрлигине отчет берет. Кандай келишимдер түзүлгөнү жана канча инвестиция тартып келгени боюнча Финансы министрлигине отчет берет. Ар бир тыйыны боюнча жооп бергиле. Алар ишенип жатышат да. Ал эми биз жөн эле конок болуп барып, кайра келгенди токтотушубуз керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Комментарии

  1. KPSS: Türkiye’de kamu kurumlarında çalışmak isteyen kişilerin girmek zorunda olduğu sınavdır. Bu sınav genellikle Nisan ve Ekim aylarında yapılır ve öğrencilerin Türkçe, matematik, sosyal bilimler, genel kültür, bilgi ve yeterliliklerini ölçer. Başarılı olan adaylar belirlenen pozisyonlara atanabilir.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь