Макрон Украинага аскердик учактарды жөнөтөөрүн айтты

145

Эммануэль Макрон Нидерландия сапарынын алкагында премьер – министр Марк Рютте менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Макрон: Франция не получала от Киева новых запросов на поставку вооружений  - РИА Новости, 30.01.2023

Франциянын президенти Эммануэль Макрон керектүү шарттар түзүлө турган болсо Украинага аскердик учактардын жибере турганын айтты.
Эммануэль Макрон Нидерландия сапарынын алкагында премьер – министр Марк Рютте менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Рютте менен болгон жолугушуусунда Украина маселесин сүйлөшкөндөрүн билдирген Макрон Украинаны бардык тармакта жана керек болгончо колдоодо чечкиндүү экендерин билдирди.
Украинага аскердик учактарды жөнөтүү тууралуу берилген суроого : «Эч нерсе тандоо жолунун тышында эмес»,- деп жооп берген Макрон  согуштук учактар ​​чыңалууну арттырбаса, орус жеринде колдонулбаса жана француз армиясынын күчүн алсыратпаса Украинага аскердик учактарынын берилиши мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурду.
Макрон Украинанын аскердик учактар ​​үчүн расмий талап  билдириши керектигин айтса, Рютте азырынча Украинадан мындай талаптын келе электигин белгиледи.
Ошол эле учурда  Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну Франция менен Австралиянын Украинага миңдеген 155 миллиметрлик гаубица снаряддарын жөнөтө турганын жарыялады.
Лекорну биринчи жеткирүүнүн жакынкы жумаларда башталарын билдирди.
Бир тараптан Венгриянын коргоо министри Кристоф Шалай-Бобровнички өлкөсү менен Австриянын согуштун дагы да күчөбөшү үчүн Украинага курал жибербей турганын айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь