Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду

209

Ага Хан Экономикалык өнүктүрүү фонду «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКтын (KICB) дагы 6% акциясына ээ болду. Бул маалыматты Economist.kg басылмасына аталган банктын өкүлдөрү тастыкташкан.

Алсак, маалыматка караганда, Ага Хан Фонду банктын 2% акциясын Эл аралык финансы корпорациясынан (IFC), 2% акциясын Германиянын инвестиция жана өнүктүрүү корпорациясынан (DEG) жана 2% акциясын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) сатып алган.

Учурда KICB банкынын акциялары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Ага Хан фонду — 66% (115.5 миң даана),
  • DEG — 2% (3.5 миң даана),
  • ЕРӨБ — 2% (3.5 миң даана),
  • IF — 2% (3.5 миң даана),
  • «Хабиб банк лимитед» — 18% (31.5 миң даана),
  • КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — 10% (17.5 миң даана).

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь