“Күчтүү кадр болсо, күчтүү өлкө дейт. Ошондуктан кадр баарын чечет, буга өзгөчө көңүл буруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Депутаттын айтымында, Президент Садыр Жапаров акыркы жылдарда кадр маселелсинде жакшы тандоолорго барып жатат.
“Күчтүү кадр болсо, күчтүү өлкө дейт. Кадр баарын чечет. Президент кадр маселесинде акыркы жылдарда жакшы тандоолорго барып жатат. Вазир жакшы, хан жакшы дейт, укук коргоо органдарында Ташиевди көрүп жатасыңар. Жакшы кадр деп эсептесек болот. Юстиция министри мыкты бала. 3-4 такыр иштебей жаткан министр бар. Экология, транспорт, айыл чарба министрликте иш болбой жатат”, — деди депутат Шайлообек Атазов.