Бишкекте хирургдар жаш баланын өпкөсүнөн оюнчуктун бир бөлүгүн алып чыгышты (Сүрөт)

195

 Бишкек шаарындагы хирург дарыгерлер жаш баланын өпкөсүнөн оюнчуктун бир бөлүгүн алып чыгышты. Операция 5 жаштагы балага жасалганын балдар хирургу Калыбек Мыкыев билдирди.

Дарыгердин айтымында, бейтапты ата-энеси 2 жылдан бери бир катар ооруканаларда текшертип жүрүшкөн.

«31-январда өпкөсүнүн оң тарабынан оюнчуктун капкагын алып чыктык. Эми бала өз калыбына келгиче көп убакыт керектелет. Анда өнөкөт оорулар болушу да мүмкүн», – деди дарыгер.

Ал ата-энелерди балдарын көзөмөлгө алууга чакырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь