Болот Темиров өлкөдөн чыгарылгандан кийин биринчи жолу үн катты

308

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылгандан бери биринчи жолул социалдык баракчасына билдирүү жазды. Ал өзүнүн фейсбук баракчасына өзүнүн депортацияланышы мыйзамсыз болгонун жазып, аны колдогон элге ыраазычылык билдирди.

“Макул, мына мен дагы сиздер менен. Мен бир эле учурда бир нече суроолорго жооп берем. Чыгаруу же депортациялоо таптакыр мыйзамсыз. Бул ачык эле көрүнүп турат. Мен Кыргызстандын жаранымын. Мен эч качан жарандыктан чыккан эмесмин. Ал эми өлкөдөн чыгаруу же депортациялоо.

Бул дүйнөлүк соттук практикада нонсенс – өз жаранын өлкөдөн чыгаруу.

Менде баары жакшы. Мен биринчи кезекте тыныгуу алдым. Экинчиден, эки досу жана алардын жан-жөкөрлөрү менин жашоомду кыйындатканга аракет кылышты, бирок багынбадым. 

Биздин команда кадимкидей иштей берет.

Анын үстүнө биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана эффективдүү командалардын бири экенибизди далилдедик. Ал эми «Темиров Live» жана «Айт Айт Десе» командасынын ушул эки жыл ичиндеги эң маанилүү жетишкендигибиз. Жакында жаңы чыгарылыштарды күтүңүз! Ал эми кабатыр болгондорго, жазгандарга, өзгөчө жардам бергендерге чоң рахмат! Баарыңар суперсиңер», – деп жазган Темиров.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировду 23-ноябрда жасалма документ жасаган деген айып менен жаза катары депортациялоо чечимин чыгарган. Чечим дароо аткарылып. Темировду сот залынан күч менен алып чыгып, аэропортко алып барышып, Москвага жөнөтүшкөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь