10 жаштагы памирлик кыргыз Кандигүлдүн эки бөйрөгү тең ооруйт, бирок бир бөйрөгү жарабай калган. Операция жасатуу керек болгондуктан кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайт.
Памирлик кыргыз Турганбай Памири учурда кыз Ооганстандын Кундуз деген жеринде ооруканада экенин, кызга операция керектигин айтты.
«Кыздын атасы 2 жыл мурда каза болуп калган. Апасы башка балдарын карап Памирде. 1 жылдан бери ооруп келе жатат. Акыры ушинтип беттери, буттарына шишик толуп, шишип кетти. Атасынын эжеси кыз кыйнала баштаганда Ооганстандын Кундуз деген шаарына алып барыптыр. Азыр эч кандай натыйжа болбой жатыптыр. Бир аз акчасы бар болчу экен, ал түгөнүптүр. Ооган дарегерлеринин айтымында, эки бөйрөгү тең ооруйт экен, бирок бир бөйрөгү жарабай калыптыр. Акча чогулса операция Түркияда болушу мүмкүн»,- деди ал.
Мбанк: 0708 16 9007; О! Деньги; 0702 702 715 Сбер карта: 2202203210022580
Посмотреть эту публикацию в Instagram