АКШда кардуу боорон адам өмүрлөрүн алууда

313

АКШнын түштүгүндө муздуу бороон болду. Натыйжада жол кырсыктарынан 10го жакын адам каза болгон. Техас штатында 430 миң адам электр жарыгынан айрылса, анын 156 миңден ашыгы Остин шаарында.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда, 1-февралдан бери штаттардын түштүк бөлүгүндө аба ырайынын шарттары начарлады. Ошол күнү 1300гө жакын каттам, 2-февралда 500 каттам токтотулган. Электр энергиясын өчүрүү Остин шаарынын тургундарынын 30% жакынына таасирин тийгизген.

Даллас жана Остин аймагында, ошондой эле Оклахома, Арканзас жана Мемфис штаттарынын көпчүлүгүндө мектептер жабылып, коомдук транспортто көйгөйлөр байкалган. Жаңы Англия чөлкөмүндө -45°C температура болжолдонууда.

Ушундай эле суук аба ырайы АКШда 2022-жылдын декабрында катталган. Кар бороонунун кесепетинен 70тен ашык адам каза болду. АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йоркто өзгөчө кырдаал жарыялап, штатка федералдык жардам көрсөтүүнү буйруду.

Комментарии

  1. LGS: Türkiye’de nitelikli liseye girmek isteyen öğrencilerin katılmak zorunda olduğu bir sınavdır. Bu sınav genellikle Haziran ayında yapılır ve öğrencilerin matematik, Türkçe, Fen ve Sosyal Bilimler alanlarında bilgi ve becerilerini ölçer. Başarılı olan öğrenciler, istedikleri lise türüne girebilirler.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь