Ак үйдө “крышам” бар дейт. Кыргызстандагы эрке министрлер кимдер?

363

Кыргызстанда 2 эрке министр бар, деди депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 3-февралда “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында.

“Биринчиси – экология министри Динара Кутманова. Анын дарегине сын айтсам, Ак үйдө “крышам” бар дейт. 

Экинчиси – Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев. Ооруп жатам деп жыйынга келбей койгон болбойт. Мен деле ооруп жатам. Кесиптешибиз Надира Нарматова ооруканадан чыгып келди. Андан сырткары Камила Талиева да ооруп жатат, бирок жумушка келди. 

Ошондуктан депутаттарды сыйлап койгула, урматтуу жетекчилер. Биз деле душман эмеспиз, эл өкүлүбүз”, – деди Токторбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев ден соолугуна байланыштуу фракциянын жыйынына келе албай калганы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь