Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №16 атайын логопеддик бала бакчасынын реконструкциядан кийин ачылыш аземи өттү.
Бала бакчада ондоп-түзөө, тышкы инженердик тармактарды куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Имараттын фасады, полдору жана шыптары жаңыланып, жылытуу жана электр менен камсыздоо системалары толугу менен алмаштырылып, сантехника иштери бүтүрүлүп ишке берилди.
Атайын бала бакча 150 орундуу – 6 тайпага ылайыкталган, жер тилкесинин жалпы аянты 4713,75 м2, имаратынын аянты 1065 м2 түзөт.