Алматыдагы ири ресторандарда ашпозчу болуп иштеген эки казакстандын жараны баңги затын саткан деп соттолду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий Instagram профилинде маалымдалды.

Эске салсак, өткөн жылдын май айында Алматы полициясы баңгизат сатууга шектелген бир нече ресторандын ашпозчуларын кармаган.
Элиталык ресторандардын биринин ашпозчусу 1973-жылы туулган жаран М., баңги заты – гашишти сатып жатканда иш ордунда кармалган.
“Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда эки ширеңке кутусуна салынган «гашиш» баңги заты жана кысылган гашиш салынган тегерек боо табылган”, – дейт шаардык милициянын баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Ерлан Алмагамбетов.
Алмагамбетовдун айтымында, дагы бир учурда ашпозчу болуп иштеген аял баңги затын сатуу менен алектенген. Алматы облусунун Карасай районунда 1980-жылы туулган жаран Д.нын жашаган жеринен порошок түрүндөгү зат салынган таңгак табылган.
Ауэзов жана Алмалы райондорунун сотторунун өкүмдөрү менен жаран М. жана жаран Д. Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 296-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 297-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Алардын ар бири 5 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаны күчөтүлгөн тартиптеги пенитенциардык тутумдун мекемесинде өтөө менен соттолду.
Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун сатуу, жөнөтүү же сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, алуу, сактоо, ташуу – мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.