Казакстанда суу ташкындап, эки жүздөй адам эвакуацияланды (Видео)

294

Казакстандын түштүк аймагындагы Түркстан облусунда бир катар шаар-кыштактарда суу ташкындап, жалпысынан 204 адам эвакуацияланганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси 3-февралда билдирди. Жергиликтүү тургундардын 200дөй мал-жандыгы да коопсуз жактарга чыгарылды.

Ондогон калктуу конуштарды суу каптап, жол кыймылы токтоп, ушу тапта куткаруучулар суунун андан ары жайылышына жол бербөө аракетин көрүп жатышат.

2-февралда Түркстан облусунда тез эриген кардын жана нөшөр жаандын айынан бир катар райондордо суунун деңгээли көтөрүлгөн. Кентау жана Түркстан шаарларында, Байдибек, Сауран жана Ордабасы райондорунда көчөлөрдү суу каптаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь