«Мага Алиса менен Siri кыргыз же казак тилинде сүйлөй албаганы тынчтык бербей турат. Биз баарыбыз түшүнүп турабыз, азыр цифралык дүйнөгө катталбаса, илгери тилдер жазуу түрүндө сакталып калбагандай эле, жоготуп алышыбыз толук мүмкүн», – деп билдирди Акылбек Жапаров.
Эскерте кетсек, Алиса — бул бир гана орус тилинде сүйлөй алчу Яндекс компаниясынын программасы болсо, Siri — Apple компаниясыныкы. Бирок, Siri дүйнөлүк бир нече тилде түшүнөт жана сүйлөй алат.