Баткенде аткезчилик жол менен селитра ташып бара жаткан жүк кармалды

250

2023-жылдын 3-февралында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынан коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшканы маалымдалды.

«Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалды. Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик баажы кызматына өткөрүлүп берилди», – деп билдирди УКМКнын маалымат бөлүмү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь