Таласта курал-жарак жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды

244

Таласта курал-жарак жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-февралда Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь