“Кемпир-Абад” ишине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Перизат Суранова өлкөнүн акыйкатчысына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана юстиция министрине кайрылып, тез арада тийиштүү ооруканага которулуп, дарылануусуна шарт түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды.
Социалдык түйүндөргө жарыяланган кайрылуусунда ал өзү менен чогуу камалгандарды басмырлоо фактыларын текшерип, эмне үчүн аларга тийиштүү медициналык жардам алуусуна уруксат берилбей жатканын териштирүүнү суранды.
“Үч айдан ашык убактыттан бери камакта жатып ден соолугум күндөн-күнгө начарлап жатканы айдан ачык болуп турганына карабастан тийиштүү текшерүүдөн өтүп, ооруканага жатып, хирургиялык дарылануудан өтүү мүмкүнчүлүгүн ала албай жатам” деген Суранова операцияга муктаж болуп жатканын, оорусу өмүрүнө коркунуч жарата баштаганын айтты.