Түркияда жер титирөө токтогондон кийин деле көп кабаттуу үйлөр урап жатат. Социалдык тармактын колдонуучулары жана түрк ЖМКлары үрөй учурган кадрларды бөлүшүүдө.
Интернетке жарыяланган кадрлардан акыркы учурда бир унаа урап жаткан имараттын астынан кантип чыгып кеткенин көрүүгө болот. Дагы бир видеодо жер титирөө токтогонуна карабай көп кабаттуу үй урап жатканын көрөбүз.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн эң көп Кахраманмараш району жабыркаган. Ошондой эле Адана, Газиантеп, Диярбакыр, Малатия, Шанлыурфа шаарларында көптөгөн имараттар талкаланып, адамдар каза болду. Көп кабаттуу үйлөр менен кошо 1700дөн ашуун үй урап калды. Окуянын натыйжасында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый Газиантеп чеби да талкаланды. Өлкө бийликтери окуядан келтирилген материалдык чыгымды эсептеп жатышат.